Баткен облусундагы Лейлек районунун Кулунду айылында былтыр болгон селден кийин унаа өтүүчү жол начар абалда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман кабарлады.
“Жол мындай абалга 2015-жылы болгон селдин кесепетинен келди. Ал эми 2012-жылы катталган селден улам 25-30 үйдүн короосун суу каптап, жергиликтүү тургундарга бир катар кыйынчылыктарды жараткан. Эгерде жаан-чачын катуу болсо, кайрадан үйлөрдү сел каптоо коркунучу бар”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.