Борбор калаадагы унаа саткан базарда шлагбаум бузулуп, айдоочулар базардан 1 сааттай убакыт чыга албай турушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман кабарлады.
"Унаа базардын ичине кирген айдоочулар шлагбаумдун жабдыгына атайын карточкасын көрсөтүп, анан кирип-чыгышчу. Бүгүн ал шлагбаум иштебей калып, айдоочулар чыга албай калышты. Акыры базардын жетекчиси келип, базардын бир тосмосун алдыртып, айдоочулар жер аркылуу жолго чыгышты”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.