2015-жылы 19-апрелде Африкадан Европа мамлекеттерине бараткан 850 мигранты бар кеме оодарылып, Жер Ортолук деңизине чөгүп кеткен. Жардамга келген 18 катерге карабастан, 27 гана кишини сактап калууга мүмкүн болуп, 24 адамдын гана жансыз денеси табылган. Алар кеменин төмөнкү бөлүктөрүндө камалышкандыктан, чыгууга мүмкүн болгон эмес.
21-апрелде кеменин капитаны массалык киши өлтүрүүгө айыпталган. Кемеде Сирия, Эритрея, Сомали, Сьерра-Леоне жана Сенегалдын тургундары, арасында 10-12 жаштагы балдар дагы бар болгон.
19-апрелдин жылнаамасы.