Бүгүн, 21-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Бишкек шаарында патрулдук милициянын ишине автоунаа жетишпей жатат... Мындай пикирди бүгүн ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирип, жол кыймылын көзөмөлдөөгө бир нөөмөттө 30 гана автоунаа чыгып жатканын айтты. Патрулдук милиция башкармалыгы 3 нөөмөт менен иштеп, балансында болгону 120 автоунаа бар. Министр автоунаа гана эмес, инспекторлорго видеокамера да жетишпей жатканын белгиледи. Муну менен министр өзү баштаган реформанын чийки экенин моюнга алды. Ишти жетиштүү даярдыгы жок баштап жиберип, эми улам бир кесепети көрүнүп жатат. Атүгүл реформанын негизги рычагы - көчөлөр видеокамералар менен жабдылган эмес. Долбоорго ылайык, милиция көрбөгөнүн көчөлөрдөгү видеокамера тартып калып, камерага түшпөгөнүн көчөнү кыдырган милиция кармашы керек эле. Азыркы учурда анысы да, мунусу да жок... Болгону "реформа" деп кыйкырган жалгыз Турганбаев жүрөт. Министр бүгүн патрулдук милиция иштей баштаганы колго түшкөн мас айдоочулар көбөйгөнүн айтты. Кызык... Мастардын колго түшүшү көбөйдүбү же МАИ кызматы жоюлгандан кийин ичип алып рулга отургандар көбөйүп кеттиби?
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков АКШнын Мамлекеттик департаментинин адам укуктары боюнча жасаган баяндамасында Кыргыз Республикасы жөнүндө айтылгандарга парламент жооп кайтарышы керектигин айтып чыкты. Мамдепартамент 14-апрелде дүйнөдө адам укугу жаатындагы кырдаал боюнча баяндама жасап, кыргыз өлкөсүндө мыйзамсыз камакка алуу, бийликке каршы чыккандардын аракетин тизгиндөө, бейөкмөт уюмдарга басым жасоо күчүндө экени айтылган. Кыскасы, 36 барактан турган маалыматта "кыргыз жеринде адам укуктарынын абалы ыйлагыдай" деп белгиленген.
Кыргыз мамлекети менен АКШнын ортосундагы пикир келишпестиктер айрыкча акыркы жылдары жанданды. 2010-жылкы Июнь каргашасына айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго Мамлекеттик департамент былтыр "Адам укугун коргоочу" сыйлыгын бериши менен өлкөлөрдүн мамилеси сууй түштү. Кыргыз тарап Аскаровдун оор кылмышка күнөөлүү экени Кыргыз Республикасында соттун бардык инстанцияларында далилденгенин, ошол адамдын сыйлык алышына капачылыгын айтып өлкөлөр ортосундагы 1993-жылдын 19-майында кол коюлган көмөктөшүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташтык келишимин денонсациялаган. Кыргыз тараптын мындай кадамын "аша чапкандык" дегендер чыккан. Тагыраагы, "Кыргыз Республикасы көп багыттуу саясаттан баш тартып, Орусияга гана ыктоого өттү" деген сындар айтылган эле.
АКШ бийлигинин жогорудагы баяндамасын Кыргыз Республикасы "өлкөнүн саясий системине басым жасоо аракети, саясий шантаж" деп атады. Айтор, адам укуктары жаатында айтылган сындарга кыргыз өкмөтү кадимкидей чычалап жатат. Ошол эле учурда мамлекетте укуктардын корголушу укмуш деп айтуу кыйын...
Чуулуу иштердин бири... 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен парламентке өтүп мандат алышкан депутаттар Эльмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова күтүүсүз мандаттарынан айрылышты. Фракция лидери "шайлоодо жетиштүү добуш алышпады, ошондуктан депутаттыктан баш тартууга өз каалоолору менен арыз жазышты" деп экөөсүн Борбордук шайлоо комиссиясынын чеңгелине салып берип, мандаттан ажыраткан. Комиссиянын жыйыны чукул өтүп, мандаттан ажыратылып жатканын депутаттар өздөрү билбей калышкан... Депутаттар эртеси "депутаттыктан баш тартууга арыз жазган эмеспиз" деп кыйкырып чыгышып, бирок БШКнын чечимин соттун бардык инстанциясы мыйзамдуу деп тапты. Сот чечимине эч ким кийлигише албайт, ошол эле учурда депутаттардын "мандаттан баш тартам" деген арызынын түп нускасы коомчулукка такыр жарыяланган жок.
БШКда, сотто арыздын көчүрмөлөрү гана каралганын айтышты жабырлануучулар. Экс-депутаттар шайлоо алдында "эгерде жетиштүү добуш албай калсам мандаттан баш тартам" деп жазышкан. Фракция лидери ошол арызды башка максатта колдонгонун, арызды текшерген экспертиза документтин түп нускасын эмес, көчүрмөсүн карап "депутаттын өз колу менен жазылган" деп корутунду чыгарганын SUPER.KG порталына экс-депутат Жумалиева өзү кабарлаган. Эгерде жетиштүү добуш алышпаса, анда Жумалиева менен Эсенаманова эмне үчүн депутат болуп мандат алышканы түшүнүксүз... Өлкөдө адилеттик таппай жүргөн жарандар миңдеп саналат. Жогорку Кеңештин депутаттары сырттан айтылган сынга жооп кайтарууга шашылбай, өлкөдө акыйкаттык таппай жаткандардын көз жашын сүртүүгө шашылышы керек...
Жалал-Абад медициналык колледжинин жооптуу кызматкерлери "студенттерден 500 сомдон чогултуп, жалпы 351 000 сомду өздөрүнө ыйгарып алышкан" деп айыпталышууда. Маалыматты SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук милициясынан тастыкташты. Окуу жай кызматкерлери акчаны "камкордук фондго" деп жасалма документтерди даярдоо аркылуу топтошкону айтылып жатат. Факт боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Студенттерди мажбурлап акча жыйноо фактысы жакында Бишкекте да болгону жарыяланган. Коомдук активист Ренат Самудинов университеттер мекемелерине турникет орнотуу үчүн студенттерден ашыкча акча жыйнап жатканын айтып чыккан. Айтылгандарга таянсак, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректору студенттер менен жолугушууда 200 сом турникет үчүн карточка жасатууга алынып жатканын билдирген. "Турникет карточкасы 20-30 сом эле турат, бардык студенттен 25 сомдон топтошсо, 582 500 сом болмок. Эгер ар биринен 200 сомдон алышса, 4 миллион 660 миң сом жыйналат. 4 660 000 - 582 500 = 4 077 500 сом. Арткан акчаны айрым жетекчилер өз чөнтөгүнө салышы мүмкүн",- деген активист.
Студенттердин нааразычылыгынан кийин министрликтин турникет орнотуу боюнча токтому жокко чыгарылып, студенттердин акчасы кайтарылып берилери жарыяланган.
Мындай фактылар билим берүү тармагында дагы эле түрдүү жолдор менен акча жыйнамай адаты жоголо электигинин далили. Илгерки эски чапанды азыркылар деле кийип жүргөнүнүн мисалы. Тармак качан оңдолот? Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын акыркы билдирүүлөрүнүн бирине токтололу. Министр мындан ары бардык жогорку окуу жайлардын студенттери башка окуу жайга которулса, сабактардын айырмачылыгын (разница) тапшырышпай турганын билдирди. Эми абитуриенттер алгач "авторитети" жакшы эмес, төлөмдөрү арзан университеттерге жабыла тапшырышып, 2 жылдан кийин престиждүү ЖОЖдорго которула башташы күтүлөт. Ал эми сабактардын айырмачылыгын тапшырууну жоюу студенттердин эсебинен акча жасоону кайсы бир деңгээлде азайтат. Министр да ушул максатты көздөгөн чыгар...