Момбеков АКШнын кыргыз өлкөсүндөгү адам укуктары боюнча баяндамасына депутаттардын жооп бербегенине нааразы

"АКШнын Мамлекеттик департаментинин Кыргыз Республикасындагы адам укуктары боюнча баяндамасына Жогорку Кеңеш жооп бербей коюп, бир адамды талаада калтырып койду",- деген пикирин бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

"Бир жумадан бери бул баяндамасы катуу талкууга алынды. Эч ким унчуккан жок. Биз бир дагы "а" же "бу" деген жокпуз. Укук коргоочулар "катуу жооп берип койду, антпеш керек эле" деп президенттин тышкы саясатын сындап жатышат. АКШ укук коргоочу Азимжан Аскаровго сыйлык берип жатканда да унчукпай турганбыз. Жогорку Кеңештин депутаттары болуп, жоопкерчиликти качан алабыз? Адам укуктарын бузуу боюнча АКШнын Мамлекеттик департаментинин отчётун талкуулап, "а" же "бу" деп койбойлукпу? Же отура беребизби, бир адамды талаада калтырып коюп? Башка маселелерге көңүл буруп жатпайбызбы. Бир укук коргоочу президентибизди шүмшүк кылып көрсөтүп салды",- деди Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан