Өмүрбек Текебаев: "Эгер төрагалыкка Чыныбай Турсунбековдун талапкерлиги коюлса, "Ата Мекен" фракциясы аны колдойт"

Эгер Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлиги коюлса, "Ата Мекен" фракциясы аны колдойт. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, Ч.Турсунбеков төрагалыкка татыктуу депутат. "КСДПнын лидери парламенттин 5- жана 6-чакырылышында иштеп, төрагалыкка керектүү тажрыйба топтоду. Ал адамдар менен жакшы мамиле кура алат, жоопкерчиликти алуудан коркпойт. Жогорку Кеңеште анын аброю жогору. Мунун баары анын төрага кызматына татыктуу талапкер экенин көрсөтөт",- деди Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан