КҮНСЕРЕП: Саясий оюндар коалициядагы партиялардын түбүнө жетет

Бүгүн, 22-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Жогорку Кеңештин спикерлигине Чыныбай Турсунбеков талапкер болуп чыгат... Парламенттеги КСДП фракциясы бүгүн ушундай чечимге келди. Турсунбековдун талапкерлигин "Республика-Ата Журт", "Бир бол", "Ата Мекен" фракциялары дагы колдой турганын билдиришти. Турсунбековдун эки чакырылышта тең депутат болгонун, андыктан спикер болууга тажрыйбасы жетиштүү экенин айтты Өмүрбек Текебаев.

Тажрыйбасы жетиштүү бирөө спикер болушу керек болсо, анда Чиркешович эмнеге өзү барбайт спикерликке? Президенттик шайлоого чейин артынан сөз, сын ээрчитпей "свежий" сакталууну ойлонуп жатабы? Чын эле өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн күйсө, бизнестен чыккан Турсунбеков, Төрөбаев, Исаевдерге караганда 25 жылдык депутаттык тажрыйбасы менен Жогорку Кеңешти жетектеп, өлкөнү чыныгы парламенттик башкаруудагы өнүгүүгө жеткирүүгө өзү аракет кылганы туура болмок. Балким, бүгүнкү спикерликтен эртеңки президенттик артык, келечектүү көрүнүп жатабы? Көрө жатарбыз...

Саясатчылар бийлик бутактарынын баарын бир партия ээлеп алганын, азыркы режимдин бакиевдик режимден айырмасы калбаганын айтып КСДПны ур-тепкиге алып келишет. Учурда саясатта болуп жаткан окуялар "Атайылап спикерликке КСДПнын кадрын түртүп жатышабы?" деген ойду жаратат. Анткени эртең президенттик шайлоодо "бийликти бүт ээлеп алышты" деп жоопкерчиликти жалгыз Атамбаевдин партиясына түртүп салууга болот. Мындай кылуу Бабановго да, Текебаевге да ыңгайлуу. Анткени президенттик шайлоого катышуу дымагы экөөндө тең бар. Азыркыдай кризисте элдин жашоосу жарым жыл аралыгында эле азыркыдан жакшырып кетпейт. Тескерисинче, мындан да начар абалга түшүшү мүмкүн. Ошондо КСДПга атаандашып чыккан талапкерлер "мына, бийликтин баарын кучактап отурган КСДП жыргатпады" деп жоопкерчиликти бийликчил партияга оодара салуулары ыктымал. Элдин саясий сабаттуулугу азыр жогору, кимдин ким экенин таразалап алууга шайлоочулардын акылы жетет. Жоопкерчиликти жалгыз КСДПга оодара салуу саясий оюну шайлоодо жардам бербей турганына мурдагы коалицияда жүрүп жоопкерчиликтен ар дайым качып келген "Ар-намыс" менен "Ата Мекендин" акыркы шайлоодогу "ийгиликтери" даана далил болуп берди. Муну азыркы коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялар эске бекем түйүп алуулары зарыл...

Негизи, ар бир өкмөттү шайлоодо коалициядагы фракциялар эле эмес, оппозициялык фракциялар дагы 100 пайыз колдоп келишет. Бирок өкмөттүн ишинде орун алган кемчилик, катачылыктарга коалиция да, оппозициянын терисин жамынган "Республика - Ата Журт" менен "Бир бол" да түздөн-түз жоопкер. Жоопкерчиликти өздөрү сезишпесе, эл сездирүүгө аргасыз болот.

Партия лидерлери жоопкерчиликтен качып Жогорку Кеңеште жашырынбай өкмөттө иштеши керек. Ар жылдагы өкмөттүк кризис коалициядагы фракциялардын лидерлери өздөрү өкмөткө барганда гана токтойт. Ошондо гана өкмөт менен Жогорку Кеңеш эриш-аркак иштейт. Жоопкерчиликтен качпастан коалициядагы эң чоң фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков - премьер-министр, Канатбек Исаев - биринчи вице-премьер-министр, Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Текебаев вице-премьер-министр болушу керек. Ошондо шайлоо алдында элге берилген убадалар, программалар унутулбай, депутаттардын 5 жылдык мөөнөтү туруктуу өнүгүү менен коштолмок. Жоопкерчиликти ушинтип бири-бирине оодара берүү өнөкөтүнө нааразы эл бир күнү коалициядагылардын баарын оодарып салууга күчү жетерин 6 жыл, 11 жыл мурунку тарыхыбыз далилдеп койгон.

Казакстанда педофилдерди химиялык бычууга жол берген мыйзам күчүнө кирди. Документке президент Нурсултан Назарбаев кол койгону бүгүн маалымдалды. "Химиялык бычуу - сексуалдык зомбулуктун алдын алуу үчүн колдонулуучу медициналык ыкма. Бул бир жолу сайылчу инъекция. Аны сайган соң адам өмүр бою ошол бойдон калбайт. Бул жаза медициналык мекемелердин соттук чечиминен кийин гана колдонулат",- дейт казакстандык депутат Бырганым Айтимова.

Казакстан бийлиги балдарды коргоо жаатында чечкиндүүлүк кылды. Кыргыз өлкөсүндө да педофилдерге ушундай чараны колдонуу аракети 3 жыл мурун башталып, бирок аягына чыкпай калган. V чакырылыштагы парламент депутаттары педофилдерди химиялык кастрациялоо тууралуу мыйзам долбоорун сунушташып, 2013-жылдын соңунда ал долбоор Жогорку Кеңештен колдоо таппай калган. Добуш берүүдөн кийин депутат Турсунбай Бакир уулу аталган мыйзамга жыйында жок депутаттардын атынан башкалар добуш бергенине нааразычылык билдирип: "мыйзамга каршы добуш бергендер - педофилдерди колдогондор" деген.

Өкүнүчтүүсү, андан бери көптөгөн жаш балдар зордукталды.

2015-жылдын январында Бишкекте Ибрагим аттуу 2 жашар бала денесинен алган оор жаракаттар менен ооруканага түшкөн. Соттук-медициналык экспертиза анын катуу токмоктолуп, зордукталганын аныктаган. Ал эми кылмышка шектүү катары баланын атасын, аталаш агасын жана анын аялын кармашкан. 2015-жылдын 3 айында балдарга жыныстык зомбулук көрсөтүү боюнча 39 окуя катталган.

Айрым жарандык активисттер педофилдерге өлүм жазасын киргизүү боюнча кол топтоону да демилгелеп чыгышкан. Бул маселеде кыргыз коомчулугу көрсөткөн активдүүлүктү өкмөт менен парламент көрсөтө албай жатат, педофилдерди бычуу же катаал жазаларды колдонуу демилгеси көтөрүлүп, VI чакырылыштын депутаттары тарабынан долбоор сунуштала элек. Дагы канча бала зөөкүрлөрдүн курмандыгы болушу керек? Өлкө жарандарынын көбү педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштап жатышат, бирок өлкөнүн Баш мыйзамы буга жол бербейт...

2016-жылдын алгачкы 3 айында эле өлкөдө балдарга сексуалдык мүнөздөгү зордук көрсөтүү боюнча 28 факт катталды.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Индира Жолдубаеванын бир тууганы Эрмек Жолдубаев баңгизат менен кармалганын Казакстандын тийиштүү органдары тастыкташты. Ак үйдөгү өздүк булактын билдиришинче, буга байланыштуу башкы прокурор отставкага кетиши мүмкүн. Башкы прокурордун иниси, 1987-жылы туулган Эрмек Жолдубаев кыргыз-казак чек арасынан кармалганы тууралуу маалымат коомчулукка өткөн аптада тараган. Башкы прокуратура бул маалыматты бүгүнкү күнгө чейин четке кагып, комментарий бербей келди. Коңшу өлкөнүн расмий органдары тастыктаса, демек, Жолдубаеванын кызматта кармалууга моралдык жана юридикалык укугу калбайт. Эң оболу тергөөнүн объективдүүлүгү үчүн кызматын тапшырып бериши керек болот. Бир тууганынын айынан отставкага кеткен башкы прокурор мамлекетибиздин тарыхында биринчи жолу болушу мүмкүн.

Бул чиновниктердин жакындары баңгизат менен кармалган биринчи окуя эмес. 2011-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы депутаты (азыр да депутат) Дастан Бекешевдин бир тууганы Руслан Бекешев баңгизат менен кармалган. Депутат окуяны өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырып, "менин айткан сындарым жакпай калган ички иштер министри өчөшүп жатат" деп чыккан. Ал эми 2015-жылы парламент депутаты Татьяна Левинанын айдоочусу Василий Адамов да баңгизат менен кармалып, күнөөсүн моюнга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан