"Бүгүн, 22-апрелде саат 13:00 чамасында Бишкектеги "Фрунзе" ири дүкөнүндө белгисиз аял кассанын жанына баштыгын таштап кеткен. Күзөт кызматкерлери "ичинде бомба бар" деп ойлоп, келгендердин баарын эвакуациялашты",- деп окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, милиция кызматкерлери келип, ири дүкөндүн айланасын курчоого алышкан. Аталган аял келип, калтырып кеткен баштыгын ачып көрсөткөндө, ичинде жаш балдардын кийимдери бар экени белгилүү болду.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.