ЭЛДИК КАБАР: Кочкордогу окуучулар тазалык акциясына чыкканы үчүн айыл өкмөтү аларды Ардак грамота менен сыйлады

Бүгүн, 22-апрелде Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы Шарипбек Абдылдаев атындагы мектептин окуучулары "Сен таза болсоң, мен таза болсом, айыл да таза болот" аттуу тазалык акциясына чыгышты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, окуучулар айылдагы таштандыларды тазалашты. Буга Семиз-Бел айыл өкмөтү ыраазы болуп, аларды Ардак грамота менен сыйлады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Мэри
2016-04-22 15:23:24
Азаматсыңар, балдар, ушинтип мекенчил болуп өсө бергиле!
"Кылганың мен үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн" дейт... Бул да болсо эмгекти, мекенди сүйүү, эмгекке, тазалыкка, камкор болууга, бүлдүрбөй-сындырбай аяр мамиле жасоого тарбиялоо.
+2
Medina87
2016-04-22 15:28:11
Азаматтар!!!
Кана эле ар бир айыл окмоту ушундай иш-чараларды уюштуруп, окуучуларга грамоталар берип турса жаштарга стимул болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан