Бишкектеги №13-мектеп-гимназиясынын "Санат" музыкалык студиясынын ансамбли Беларустун Минск шаарында өтүп жаткан "Европанын кубогу" Эл аралык музыкалык сынагында күч сыноодо. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, сынакка жалпысынан 20 мамлекеттен келген жаш таланттар катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы. "Кыргыз тобу бүгүн, 22-апрелде атактуу эки күүнү аткарышат: аттын кашкасындай таанымал "Маш ботой" жана белгилүү музыка чебери Табани Кожоярованын "Санат" күүсү. Сынак Беларустун "Биздин келечек" кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулуп, 24-апрелге чейин уланмакчы", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.