ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарында Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө арналган мавлид кечеси өтүп жатат

Бүгүн, 27-апрелде Ош шаарындагы Кыргыз улуттук драма театрында Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө арналган мавлид кечеси болуп жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирди.

"Иш-чарага шаар тургундары катышууда. Анда келген конокторго таттуулар таратылды. Андан соң куран окулуп, жаштарды адептүүлүккө чакырган сөздөр айтылды", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zhayna
2016-04-27 12:54:24
Динде туулган кунду белгилесе боло береби?
0
MuslimNur95
2016-04-27 13:34:56
zhayna, сиз биринчи намаз окуп, орозо кармап, анан дагы диндин башкы фарздарын аткарып Пайгамбарыбыз саллаллоохи алейхи саламдын омур баянын окуп анан ушул суроону берсениз , бул суроону бербейт болчусуз!!! Ал адам жаралбаса бул аалам жаралмак эмес .
+2
88inara88
2016-04-27 13:09:29
Менда бир жылы баргам аябай сонун болгон эле.
+4
kyrgyzbek7
2016-04-27 14:26:30
быйыл Москвада да чоң денгеелде өттү...убактысын бөлүп, кызмат кылып бизге жакшы насааттарын айткан бир туугандарыбыздан Алла ыразы болсун!
+6
Qnet
2016-04-27 16:06:14
Билгендер болсо айтып койунуздарчы,эркектерге саат 19:00болот экен деп атышат,билет менен киришет бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан