Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы кечээ, 28-апрелде "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын ичинде тинтүү жүргүзгөнүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү органдардын кызматкерлери аталган компаниянын үстүнөн козголгон кылмыш ишине тийиштиги бар буюмдарды жана документтерди алуу максатында тинтүү жүргүзүп жатышканы белгилүү болду. Ошондой эле жакында "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилиги жана тиешелүү жооптуу кызматкерлери менен тергөө иштери жүргүзүлөрү айтылат маалыматта.