Борбор калаадагы көчөлөрдүн биринен дагы 8 дарак кулады

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен дагы 8 дарак кулады. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде SUPER.KG порталына "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын башчысы Токтобек Элгондиев билдирди.

Маалым болгондой, кечээ саат 23:30 чамасында аталган ишкананын нөөмөт бөлүмүнө Лев Толстой көчөсүндө дарак кулаганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарек боюнча барган кызматкерлер жалпы 8 дарак сынып кулап калганын аныкташкан. Алардын ичинен алтоо чирип, ал эми калган экөө түбү менен жулунуп, унаа өтүүчү жолду тороп калган.

"Унаа жолду тороп калган дарактардан тазалоо иштери таңкы саат 04:00гө чейин жүргүзүлдү. Жабыркагандар катталган жок", - деп билдирди Элгондиев.

Айта кетсек, апрель айынын ичинде борбор калаада 10дон ашуун бак-дарак кулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Shpionka
2016-04-29 12:19:21
Дарактарды карап тубуно отуругандан (скамейкаларга) коркуп баштадык. Биз жакта кыйшайып калган бактар коп
+1
aiko15
2016-04-29 12:24:57
негизи эле полный дарактарды текшериш керек шаар боюнча эмнегедир дарактар бут чирип калганбы же бир курт-кумурска жеп коюп атавы а? тушунуксуз саалмаал
+2
briliant87
2016-04-29 12:54:24
Жакшы бироо жаримди басып калбаптыр.
0
kama_future_millioner
2016-04-29 12:58:27
Шаарыбыз дараксыз калбаса болду эми
+1
janaika-95
2016-04-29 13:27:22
Кудай сактаптыр эч ким жаракат албаса
0
Nasi1981
2016-04-29 13:33:50
Жабыркагандар жок деп, олтура бергиле оозунарды ачып. Бироону басып калса ичкилик ичип алган деп шылтоо таптынар. Дарактарда ичимдик ичкенди карап басат бекен? Буларга конул бура турган, жоопкерчиликтуу бироо барбы?
+1
bom.bon
2016-04-29 16:14:45
Бак дарактарды кыйса дагын айтсак керек? Кооздоп турган бак дарактар кыйылып жатат деп.%)
0
nursultan93
2016-04-30 10:16:42
Дарак проблемасы башталды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан