Бүгүн, 2-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Лунара Мамытованын мандаттан баш тартуу арызын 6-майда карашы мүмкүн. Маалыматты 2-майда SUPER.KG порталына комиссиянын мүчөлөрү билдиришти. Мамытова мандаттан баш тартуусун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялап, саясатка нааразы экенин, жарым жыл ичинде парламенттин ашканасы менен таанышууга үлгүргөнүн айтты. "Мен үчүн адам бойдон калуу - башкы максат. Кресло үчүн өлбөйм! Өлкөбүздүн саясий чөйрөсүндө аз убакыт болсом да, саясаттын чыныгы жүзүн биле алдым. Депутаттык ишмердигимде саясатчылардан көңүлүм калган учурлар болду. Саясатта бул кадимки көрүнүш, албетте, саясатта жакшы адамдар дагы бар", - дейт депутат.
Буга чейин саясатта болбогон Лунара Мамытова "Бир бол" партиясынын тизмесине жаштар жана гендердик теңдик талаптарынан улам илинип, парламентке келгендердин бири. Аны мандатты тапшырууга аргасыз кылып жатышкан болсо, же кандайдыр бир басым жасалган болсо, ал тууралуу парламенттин трибунасынан айтып чыгуусу зарыл болчу. Же сотко кайрылуусу керек эле. "Мандат үчүн өлбөйм" деп интернеттеги баракчасына жарыялоо менен ал өзүнүн жоопкерчиликсиздигин актоо амалын кылдыбы деген суроо жаралат. Эгер башынан эле депутат катары чыгынып иштебей турганын билсе, анда элди эки эсе алдаганы.
Лунара Мамытова шайлоодо башка талапкерлердей эле парламентке келсе элдин жашоосун жакшыртарын айтып убада берип, партиясын мактагандардын бири. Шайлоочулардын кайсы бир бөлүгү белгилүү тележурналист Лунара Мамытова үчүн "Бир болго" добушун беришти. Жаш, билимдүү талапкер катары андан үмүт кылышты. Депутат бүгүн "мага саясат жакпай калды" деп мойнуна илинген жоопкерчиликтен баш тартып отурат. Бул шайлоочуларды сыйлабастык жана жоопкерчиликти сезе билбегендик... Партия "көзүрлөрүнүн" басымына карабай (эгер андай басым болуп жатса, аны менен парламенттин трибунасы аркылуу күрөшүүсү керек эле) парламентте өз шайлоочуларынын кызыкчылыгы үчүн күрөшүүгө милдеттүү болчу. Болгону депутат катары чет жакка чыгып келүүгө үлгүрдү жана анын өмүр баянында "Жогорку Кеңештин депутаты болгон" деген жазуу калат...
Тажикстанда өлкө жарандарынын орусча фамилия алышына тыюу салынды. Коңшулар эми өздөрүнө -зод,
-зода, -й, -иён, -фар деген мүчөлөр менен аяктаган фамилияларды ыйгара башташат, -ов, -ова дегенден баш тартышууда. Тажикстан ошентип фамилияларды "тажиктештирүүгө" өттү, улуттук дөөлөттөрүнө кайтууга бел байлады. Тажикстанда орусча фамилия менен “коштошуу” процессин өлкөнүн президенти баштаган. 2007-жылы Эмомали Рахмонов фамилиясын өзгөртүп Эмомали Рахмон деген фамилия алган.
Расмий Кремль тажиктердин мындай аракетине комментарий бере элек, бирок Мамлекеттик Думанын депутаттары дароо реакция кылышты. Мамлекеттик Думада жооп катары Тажикстан жарандарына визалык режим киргизүү сунушталды. Орусиялык басылмаларга таянсак, "Тажикстанга чек араны жаап, визалык режимди киргизсе, тажик жарандары катары менен Иванов, Петров болуп чыга келишет" дейт Мамлекеттик Думанын депутаты Илья Дроздов.
Орусча фамилиялардан баш тартуу толкуну Казакстанга да келген. Алар казакча -теги дегенди колдонуп жүрүшөт.
Бул жагынан алганда кыргыз өлкөсү дагы деле Орусиянын таасиринен арыла элек. Эгемендик алган алгачкы жылдары ... уулу, ... кызы деген фамилияга өтүү активдүү башталып, кийинчерээк жоюлуп кеткен. Атүгүл айрымдары учурда -ов менен -ованы коштуруп оңдотуп жүрүшөт. Анткени өлкө жарандарынын ишке жарамдуу катмары (анын ичинде 1991-1997-жылдары туулгандар, мектепти жана ЖОЖду бүтүргөндөр) Орусияда эмгек мигранттары. Кыргызча фамилиялар Орусиянын тийиштүү органдарында тоскоолдук жаратарын, паспортунда -ов деген мүчөнүн жоктугунан атайылап жүдөтүүлөр болорун айтып, фамилиясын өзгөрткөн мигранттар дагы бар. Мындай түшүнүктү жөндүү негиз катары кабыл алуу кыйын. Алсак, армяндардын -ян, грузиндердин -дзе, -вили деген мүчөлөрү Орусияда тоскоолдук жаратары тууралуу маалымат жок. "Кыргызпатенттин" мурунку башчысы Улан Мелисбек 2010-жылдын башында орусча фамилиядан баш тартууну демилгелеп, ал демилгеси парламенттен колдоо тапкан эмес. Депутаттардын көбү эски стандартты бузууну каалабай коюшкан. Жарандар арасында улуттук өзгөчөлүккө басым жасашып, атасынын же чоң атасынын атына -тегин дегенди кошуп алгандар же эч кандай мүчө коштурбай атасынын же чоң атасынын ысымында жүргөндөр кездешет, бирок массалык мүнөзгө ээ боло элек. Мисалы: Болот Шер, Актан Арым Кубат, Турсунбек Акун, Расул Мырзатегин...
Көнүшкүчө жаңы нерсенин баары өөн учураары талашсыз. Бирок улуттук өзгөчөлүк, белги өлкөнүн бардык жарандарынан байкалып турганы туура. Эң башкысы - кыргызча фамилияны алып жүрүүгө кыргыз эли өзү кызыкдар болушу зарыл.