Тажикстанда өткөн эл аралык турнирде кыргыз самбочулары байгелүү орундарды алышты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, 29-апрелден 1-майга чейин спорттун самбо жана дзюдо түрүнөн эл аралык турнир Тажикстандын Хужент шаарында өттү. "Бул мелдешке Кыргыз Республикасынан, Казакстандан, Өзбекстандан, Түркмөнстандан, Тажикстандан жана Орусиядан келген спортчулар катышты. Жалал-Абад ОИИБинин алдындагы “Динамо” клубунан 10 спортчу жана машыктыруучулар барып келишти. Жыйынтыгында Жалал-Абад ОИИБинин Тез чара көрүү атайын отрядынын күжүрмөн даярдык боюнча ага тескөөчүсү (СОБР кызматкери) милициянын капитаны Кубанычбек Көкүмов 100 килограммдан жогорку салмактагылар арасында күжүрмөн самбо түрүнөн 1-орунду багындырды. Ушул эле спорттун түрүнөн 74 килограмм салмактагылар арасында Жалал-Абад “Динамо” спорт клубунан Кубатбек Орозбеков 3-орунду ээледи", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.