Борбор калаанын Фучик жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окурман бүгүн, 4-майда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Шаарыбыздын Фучик жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес-Бенц жана Форд жеңил унаалары сүзүштү. Жабыркагандарды "Тез жардам" унаасы ооруканага алып кетти. Форд унаасынын айдоочусу мас абалында болчу", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.