ЭЛДИК КАБАР: Кочкор районунда сейил бакта отургучтар сынып, дарактар чирип жатат

Нарын облусундагы Кочкор районунун сейил багы каралбай, абалы начар экенин WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына окурман кабарлады.

"Биздин сейил багыбызды караган эч ким жок. Фонтандар талкаланып, отургучтар сынып, тосмолору талкаланып, дарактар сугарылбай, куурап, кулап калганы да бар. Албетте, буга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү гана эмес, тургундар да күнөөлүү. Сейил бактын ичи таштандыга толгон. Илгери салынган ажаткана урап, Ооган согушунун ардагерлеринин эстелиги талкаланган. Тургундарды таштанды таштабоого, отургучтарды сындырбоого чакырам. Ошондой эле оңдоп-түзөөнү акимчиликтен суранам", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ulan_eshbaev87
2016-05-05 09:49:40
Сен таза болсон мен таза болсом коомда таза болот!!! Тазалыкты тартипти аркимибиз озубуздон башташыбыз керек
0
bolotbai4
2016-05-05 10:05:08
Согуш маалындакыдай экен корунуш.Ушул боюнча турса жакшы экен.
+1
aszyma
2016-05-05 10:26:02
Мындай сейил бактар Кыргызстанда коп. Баарына акча болунгон кундо деле чону кобураак андан кийинкиси азыраак жеп отуруп ондоо иштерге аз акча калып калат. Анан эптеп эле ондоп коет.
Кыргызстан мындайга белчесинен баткан.
Анан эл арасында да жаман адамдар коп. Таштанды таштап булгап кетет.
Жайдын куну айланайын десен башын айланат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан