Казакстандын Айыл чарба министрлигинин "Кыргыз Республикасынан илдетке чалдыккан картошка жөнөтүлдү" деген маалыматы негизсиз. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда SUPER.KG порталына өкмөт алдындагы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчисинин орун басары Руслан Бейшенкулов билдирди.
Анын айтымында, учурда Казакстандан 88 тонна картошка кайтарылып, лабораториялык текшерүүдөн өтүп жатат.
“Быйылкы жылдын башында Казакстан Кыргыз Республикасынан келген картошкадан алтын түстүү нематода деген илдет табылганы боюнча маалымат берген. Биз дароо чара көрүп, картошканы атайын лабораториялык текшерүүлөрдөн өткөрүп, таза болгондорун гана жибергенбиз. Бул тууралуу Казакстанга 2-3 жолу жолдомо кат жиберип, азык-түлүккө гана колдонууга болорун айтканбыз. Нематода - бул картошканын илдети, адамдын ден соолугуна эч кандай таасир бербейт. Анын зыяндуулугу түшүмдүүлүктү гана азайтат”, - деп түшүндүрдү Бейшенкулов.
Анын пикири боюнча, Казакстандын кыргыз өлкөсүндө өстүрүлгөн картошкага тыюу салышы эч бир илдетке байланышы жок. “Казакстанда быйыл картошка көп айдалгандыктан, казак тарап өздөрүнүн дыйкандарынын кызыкчылыгын коргоого аракет жасап жатат”, - деп баса белгиледи Р.Бейшенкулов.