ЭЛДИК КАБАР: Японияда кыргыздар алгачкы жолу үлпөт тоюн өткөрүштү

Япониянын Осака шаарында кыргыздар үйлөнүү тоюн өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Токиодогу Йокохама университетинин магистранты Айбек Токторбай уулу менен "Saat-Bilim" япон мектебинин бүтүрүүчүсү Акмарал Бапиеванын үлпөт тою өттү. Тойдун жүрүшү кыргызча
каада-салт менен коштолду. Эки жаштын никеси белгилүү Кобе мечитинде кыйылды. Тойго 40тан ашуун кыргыздар катышты", -
дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Ulan_eshbaev87
2016-05-06 10:55:33
Кана суроту жокго?
+1
radyakiz
2016-05-06 10:56:05
Фотосу жок го
+2
admin_portal
2016-05-06 11:05:54
radyakiz, Ulan_eshbaev87, саламатсыздарбы? Катачылык оңдолду. Рахмат!
0
HAPPY.GIRL
2016-05-06 11:53:11
Бактылуу болушсун.
+3
aikol87
2016-05-06 13:49:17
Бактылуу болушсун.
+1
Izdeim_seni.
2016-05-06 14:12:33
Супер,силер туура кыргызча жазыпсынар "нике" деп,кээ бир басма соз никяхе деп обу жоктой болуп жаза беришиптир. Араб эмесбиз го.
+3
Shat.88
2016-05-06 15:18:11
Izdeim_seni.,ээ ошентип жазып атышабы шумдугун кур! Эмне болуп баратабыз?
0
Camila
2016-05-06 15:19:39
Аллах 2 дуйнодо бактылуулук берсин
0
aksy-beka
2016-05-07 09:00:29
Бактылуу болушсун
0
naida81
2016-05-07 14:24:32
бактылуу болгула, Аллахым эки дуйно бактылуулугун берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан