Израилдик жаран "өтө эле адилетсиз мамиле кылгандыгы үчүн" деп айыптап, Кудайды сотко берди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басма сөз каражаттары жазып чыгышты. Сот отурумунун баяндамасында "Кудай отурумга келген жок" деп белгиленген, бирок баарына анын чын эле "келбегендигин" же жөн эле унчукпай койгонун аныктоо кыйынга турган.
Дооматчы акыркы үч жылда Кудай ага каардуу мамиле кылганын, бирок эмнеден улам ага мындай мамиле жасап жатканын түшүндүргөн эмес. Ал эми судья анын арызын күлкүлүү деп атап, израилдик жаранга "башка жерден жардам ал" деген кеңешин берген.