
Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жол өтмөктүн айрым жерлери бузула баштады.
Интернет желесине тараган сүрөттөрдөн сырткы жасалгасынын айрым бөлүктөрү түшүп, астындагы эски таштар көрүнүп калганын байкоого болот.
Эскерте кетсек, буга чейин мэрдин ошол кездеги орун басары Азамат Кадыров көпүрөгө орнотулган HPL-панелдерди желмаян менен сүздүрүп, металл каркасты балка менен чаптырып текшерген болчу.