Сузакта жер көчкүдө адамдарды куткарууда өз өмүрүн тобокелге салган балдар сыйланышты

Сузакта жер көчкүдө адамдарды куткарууда өз өмүрүн тобокелге салган балдар сыйланышты. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

"Сузакта жер көчкүдө адамдарды куткарууда өз өмүрүн тобокелге салган Арген Тургунбаев менен Улукбек Нурмамат уулу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругу менен "Каармандыгы үчүн" медалын алышты.

Алмалуу-Булак айылында 27-апрелде жер көчкү жүрүп, бир окуучуну басып калган. Экинчисин айылдаштары жер көчкүдөн сууруп чыгып кетишкен. Алгач жеңесин коопсуз жерге жеткиришип, кийин алар башка адамдарды да сактап калышкан", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kepka
2016-05-09 17:53:25
Азаматтар кыргыз мырзалары БААТЫР.
+3
aikol87
2016-05-09 20:03:08
Азаматсынар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан