ЭЛДИК КАБАР: "Дордой" базарынын "Оберон-Форт" бөлүгүндө жайгашкан бут кийим сатуучу контейнерлерди суу каптады

"Дордой" базарынын "Оберон-Форт" бөлүгүндө жайгашкан бут кийим сатуучу контейнерлерди суу каптады. Бул тууралуу окурман 10-майда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Катуу жааган жамгырдан улам суу контейнерлердин ичине чейин кирип, көптөгөн сатуучулардын товарлары жараксыз болуп калды. Бул нерсе сатуучуларга чоң чыгымдарды алып келди. Мындан 4-5 күн мурун да катуу жамгырдан кийин суу каптап, чоң көлчүктөр пайда болгон, бирок анда мындай деңгээлге жеткен эмес", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
maks94.kb
2016-05-10 11:47:13
О кокууууй
+1
Aruwka.89
2016-05-10 13:08:28
Аий баардык еле жерде сел шамал, емне болуп атат пеилибизге жараша болуп журбосун!?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан