ЖЫЛНААМА, 10-МАЙ: Мындан 10 жыл мурун "кримтөбөл" Рысбек Акматбаев атылып өлтүрүлгөн

2006-жылы 10-майда Көк-Жар жаңы конушундагы мечитте "кримтөбөл" Рысбек Акматбаевди атып кетишкен. Ал мечиттен чыгып келатканда аны көздөй белгисиз адамдар ок жаадырышкан. Акматбаев ошол жерден каза болгон. Атылган октон дагы эки өспүрүм бала жарадар болгону айтылган. Ички иштер министрлиги атышуу болгон жерден 31 октун гильзасы табылганын маалымдаган. Бирок Рысбек Акматбаевдин сөөгү укук коргоо органдары баргыча алынып кетип, аны соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү иштери окуя болгон күнү ишке ашырылган эмес. Рысбек Акматбаевдин сөөгүн дароо туулган айылына алып кетишкени белгилүү болгон.

10-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aash
2016-05-10 16:40:03
Сыймыктуу адам. Жаткан жери жайлуу болсун.
+3
mirbek2211
2016-05-11 03:27:07
Аянычтуу окуя болгон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан