1932-жылы 10-майда КРнын Эл артисти, таланттуу актёр, режиссёр, төкмө акын Орозбек Кутманалиев Сокулук районунун Шалта айылында туулган. 1971-жылы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1955-жылы Республикалык куурчак театрында артист болуп иштөө менен баштаган. 1965-жылдан тарта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист, 1969-жылдан баштап Кыргыз телекөрсөтүү жана радио уктуруу комитетинде режиссёр-диктор, 1974-жылдан тарта "Кыргызфильм" киностудиясында дубляж боюнча режиссёр болуп иштеген.
А.Осмонкул, А.Айталиев, Ы.Борончиев, Т.Тыныбеков, О.Бөлөбалаев өңдүү кыргыз акындарынан таалим алып, алардын төкмөлүк жөрөлгөсүн улантып, айтыш өнөрүн өнүктүрүп келген. "Ак Мөөр", "Карагул ботом", "Курманбек" дастандарын, Жеңижок, Осмонкул, Барпы, Ысмайылдын термелерин комузда өзү коштоп чебер аткарган.
Орозбек Кутманалиев "Жүрөктү жүрөм дарылап", "Айдай кызга" сыяктуу обондорду жараткан жана көркөм окуунун чебери болгон. "Сүйүү жаңырыгы" киносунда Бектемирдин, "Ак кемеде" Орозкулдун, "Фудзиямадагы кадыр түндө" Арзыматтын, "Эрте жаздагы турналарда" Бейшембектин, "Ак куулар конгон айдың көл" киносунда Сабырбектин, "Эл арасында" киносунда Кубаттын, "Уркуяда" Куландын, "Ак илбирстин тукумунда" Жарчынын жана башка ролдорду аткарган. 1992-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы берилип, бир катар медалдар менен сыйланган.