ЭЛДИК КАБАР: Кара-Суу районунда катуу ылдамдыкта келаткан айдоочу унааны, андан соӊ дүкөндү сүздү

Кара-Суу районунда катуу ылдамдыкта келаткан айдоочу жолдо келаткан унааны, андан соң дүкөндү сүздү. Бул тууралуу окурман 15-майда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Жол кырсыгы бүгүн 18:00 чамасында Талдык айылында орун алды. Анда катуу ылдамдыкта келаткан Лексус 470 үлгүсүндөгү унаа Тойота Витц унаасын, андан кийин жол боюндагы дүкөндү сүздү. Катуу соккудан улам дүкөндүн бир жак дубалы бузулду", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Abospekova
2016-05-15 19:31:22
Дагы мынданда катуу айдагыла, анан жыргайсынар. Озунорду ойлобосонорда
башка адамдарды бир аз болсода ойлосонр. Канча деген адамдарды малды сузгондой эле сузуп олтуруп атасынар.
+5
Magdali
2016-05-15 19:42:35
Жабыркагандар жокпу иши кылып главныйы ошо
0
hann
2016-05-15 20:03:46
Жабыркагандар жок окшойт дукондун бир капталы бузулду дегенине караганда...
-1
nuris.osh
2016-05-15 20:45:25
51гооо
-2
nargis
2016-05-15 22:16:45
Озу катуу айдабаш учун кырсык болбош учун ар 50метрге блок бетон коюш керек болуп калды.антпесе кундо кырсык катталып жатат.
-1
Bars111
2016-05-16 17:06:49
nargis,Андай кылбай эле жолду оңдобой коюш керек. Жаман жолдо катуу айдап көрүшсүнчү..
0
Samaganova
2016-05-16 02:42:09
Жаман болуптур! ((
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан