1929-жылы 16-майда АКШда биринчи жолу “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи өткөн. Жылына бир жолу дүйнөдөгү эң мыкты тасмаларга сыйлык тапшыруу тууралуу алгачкы долбоор 1927-жылы май айында пайда болгон. Идея ошол кездеги эң престиждүү "Метро-Голдвин-Мейер" киностудиясынын президенти Луис Мейерге таандык. Ал жыл сайын мыкты тасмаларды эл берген добуштардын жардамы менен тандоонун системин иштеп чыккан. Ошол эле убакта скульптор Жорж Стэнли сыйлыктын символун – “Оскар” статуэткаларын куюп баштаган. Эң алгачкы 15 “Оскар” 1929-жылдын 16-майында 270 адам катышкан чакан кечеде ошол жылдары жарык көргөн тасмалардын ээлерине тапшырылган.