Америкалык ырчы, ырлардын автору, продюсер, бийчи жана актриса Жанет Жексон 1966-жылы 16-майда АКШнын Индиана штатындагы Гэри шаарында туулуп, Лос-Анжелесте чоңойгон. Жанет Жексон легендага айланган Жексондор үй-бүлөсүнүн эң кенжеси болгон. Жанет Жексон сахнага 7 жашынан баштап чыгып, 1976-жылы "The Jacksons" сериалына тартылган. Ал эми 1982-жылы ырчынын эң алгачкы "Жанет Жексон" аталышындагы альбому чыккан.
16-майдын жылнаамасы.