"Кинозал" бөлүмүндөгү мелодрама, детектив жанрындагы тасма - "Министрдин кызынын махабаты". Тасма 2006-жылы тартылган, режиссёру - Рустам Аташов. Анда Аскат Эрбаев, Асел Чоткараева, Роза Азимбаева сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Бул тасма тууралуу Рустам Аташов: "Адамдын күйгөнү да, машинанын жарылганы да компьютерден жасалган эмес. Буларды чындап тартканбыз. Күйө турган адамга беш-алты кат кийим кийгизгенбиз. Андан тышкары сууларын даярдап атайын кызматкерлер турушту. Съёмка бүтөрү менен даяр турган кызматчылар өрттү өчүрүп калышты. Натыйжада өрт адамдын денесине жеткен жок. Машинаны болсо бир досум берди. Көптөн бери айдалбай гаражда турган машинасы болчу, фильмдин жакшы чыгышы үчүн ошентип бир машинаны курмандыкка чалдык", - деп маектеринин биринде билдирген эле.
"Министрдин кызынын махабаты" тасмасын бул жерден көрүңүз.