Кара-Кулжа районунда катуу шамал курулуштардын чатырларын учурду. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 15-майдан 16-майга караган түнү саат 01:30 чамасында катуу шамал катталган. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрге жеткен. Кеңеш айылындагы Жапар Акматалиев атындагы орто мектебинин 20 даана шиферин зыянга учураткан. Мындан сырткары шамал Ылай-Талаа айыл аймагында 4 сарайдын чатырын учуруп кеткен. Азыркы учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин баштады", - деп билдирди басма сөз кызматы.