Сузактагы кырсык: Тогуз жаштагы кыздын баш сөөгүнө операция жасалды 

Бүгүн, 4-майда Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган тогуз жаштагы кыздын баш сөөгүнө операция жасалды. Ага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышканын мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы туулган бейтап Ю.А.нын баш сөөгү сынганынан улам жарааты олуттуу деп бааланып, кызга Бишкекте операция жасалды. Анын учурдагы абалы туруктуу.

"Жаракат алган балдардын бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөрүлүп, компьютердик томографиядан жана зарылчылыкка жараша лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүштү. Бардыгына тиешелүү дары-дармектер берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми башка жабырлануучуларга алган жаракаттарына карап операция жасалары кошумчаланды.

Учурда Жалал-Абад облусунун ооруканаларында тогуз бала дарылануусун улантууда. Дарыгерлер билдиргендей, алардын абалы туруктуу. Бир бейтаптын абалы канааттандырарлык болгондуктан амбулатордук дарыланууга чыгарылды.

Саламаттыкты сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектер менен медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан