Жол кырсыгынын кесепетинен майып болуп калган 29 жаштагы Абдыкалыктын иши сотко өттү

Жол кырсыгынын кесепетинен майып болуп калган 29 жаштагы Абдыкалыктын иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда SUPER.KG порталына жабырлануучу Абдыкалык Маматов билдирди.

Маалым болгондой, 2015-жылдын 19-ноябрында болгон жол кырсыгы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө амалдары аяктап, соттук кароого 13-майда өттү. Кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 35 жаштагы Владимир К. аттуу тургуну кармалып, өлкөдөн чыкпоо тил катынын негизинде коё берилгени белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Сокулук-Кант унаа жолунда катуу жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 29 жаштагы жигит Абдыкалык Маматов майып болуп калганын айтып кайрылган. Ал майып болуп калышына экс-депутат Урмат Ишенбековдун иниси менен түркиялык ишкердин күнөөлүү экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abospekova
2016-05-18 11:05:27
Айтып атамго, азыркы водительдер аркасынан ажал кууп келяткандай айдап калышкан.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан