29 жаштагы Абдыкалык Маматов жол кырсыгына кабылып майып болуп калышына экс-депутат Урмат Ишенбековдун иниси менен түркиялык ишкерди күнөөлөп жатат (фото)

Сокулук-Кант унаа жолунда катуу жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 29 жаштагы жигит Абдыкалык Маматов майып болуп калды. Акыйкаттык издеп жүргөн Маматов SUPER.KG порталына кайрылып, окуянын чоо-жайын айтып берди.

Окуя 2015-жылдын 19-ноябрында аталган унаа жолунун 20-чакырымында болгон. Кырсыктын кесепетинен майып болуп калган Абдыкалык Маматовго бул кырсыкка тийиштиги бар адамдар ишти жабуу үчүн ага ири суммадагы акча каражатын сунушташканын билдирип, буларды айтып берди:

Мен өз жолум менен бараткан элем, анан катуу ылдамдыкта келе жаткан унааны көрдүм. Унаамды токтотууга аракет кылганыма карабай мени В 0089 АТ мамлекеттик номурундагы Тойота Хайландер үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетти. Андан кийин эмне болгонун билбейм. Өзүмө келгенде Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө экенимди билдим”.

Аталган кырсык боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү Болот Ибраев тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган, бирок жыйынтык болгон эмес. Тескерисинче, ооруканада жаткан маалда аны сүзүп кеткен тараптын жакындары келип коркутуп кетишкенин жабырлануучу билдирди.

Мени сүзгөн унаанын ичинде "Айгүн Иншаат" курулуш компаниясынын башчысы Айгүн Раюф, "Ала-Тоо", "Кайнар", "Барашек" ресторандарынын кожоюну Бакыт Ишенбек уулу жана Кайрат Алмазбеков, Асел Алиева аттуу жарандар бар экени жана унааны В.Кравченко аттуу адам айдап бара жатканы белгилүү болгон. Мен ооруканада жатканда алардын Рустам аттуу жактоочусу келип, “Биз сага 500 миң сом акча беребиз, сен бизге тосмо арыз жазып бер. Мыйзамга таяна турган болсоң, баары бир жеңе албайсың, анткени Бакыт Ишенбек уулу депутат Урмат Ишенбековдун (ред. Урмат Ишенбеков Жогорку Кеңештин VI чакырылышына "Кыргызстан" фракциясынан депутат болуп келип, кийин мандатынан ажыратылган) иниси болот, ал эми ичиндеги адамдардын колунда акча бар, биз жөн эле өзүбүздү актап кетебиз” деп айтып кеткен. Ооба, алардын акчасы бар экен, бирок мен биздин өлкөдө акыйкаттык деген бар деп ишенем, бул кылмышка шектелген адамдар өз жазасын алат деп ойлойм.

Бирок 19-ноябрь күнү козголгон иштин жыйынтыгы болбой жатат. Тергөө амалдарын карап жаткан тергөөчү жана анын жетекчилери Кылмыш-жаза кодексинин мыйзамын бузуп жатышат, анткени иш 6 айдан бери тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлүшү керек болчу. Анысын кой, окуя болгон жерден тергөөчү рулдан, тормоздон тактарды алып териштирүүлөрдү жүргүзүшү керек эле, бирок андай болгон жок. Азыр менин ишимди мурда иликтеген тергөөчү эмес, Нурбек Орозбеков деген башка тергөөчү карап жатыптыр”,- дейт А.Маматов.

Биз Абдыкалык Маматовдун тагдырына кайдыгер карабай, кайгы-муңун угуу үчүн үйүнө барганыбызда аны чоңойткон жездеси төмөнкүлөрдү айтты:

Мен баламды үйлөнтүп койсом деген тилектемин. Үйлөнгөндөн кийин бул окуяны унутуп калат беле. Кырсык болгон күнү Абдыкалык менин үйүмдөн чыгып, өз үйүнө бараткан. Кийинки күнү эртең менен кырсык тууралуу угуп, ооруканага бардык. Ал жактан мен тергөөчү жана Хайландер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу В.Кравченко менен сүйлөштүм. Ага мен "эгерде сен айдоочунун рулунда болсоң, чыгашалардын баарын сен көтөрөсүң, сенин мойнуңа илинет" дегенимде "андай боло турган болсо, мен башкача көрсөтмө берем" деп койду.

Мен окуя болгон учурда Кравченко рулду башкарып баратканына күмөн санап жатам, анткени ошондой деңгээлдеги кырсык болгондо айдоочу бир жеринен жаракат алышы керек болчу. Бирок Кравченко, Айгүн Раюф жана анын котормочусу жаракат алышкан эмес. Бакыт Ишенбек уулу бутунан жаракат алып, Асел Алиева да бүгүнкү күнгө чейин төшөктө жатат деп уктук. Менин балама эки операция жасалды, эми эки жылга чейин баса албайт деп дарыгерлер айтып жатышат. Эгерде сөөктөрү туура эмес өсүп, жанчылган тизеси калыбына келбей калса, эки бутуна тең кымбат баадагы операция жасалышы керек болот экен.

Бул иштин артында кызыкдар адамдар бар, ошол себептен каралбай жатат. Тергөөчү ошол маалда күбө катары баарына өлкөдөн чыкпоо керектиги тууралуу эскертүүлөрдү берип, иш толугу менен тергелип бүтүшү керек эле. Окуя болгондон эки күндөн кийин Бакыт Ишенбек уулу Канадага, ал эми Айгүн Раюф Түркияга учуп кеткен. Эгерде бул окуяга тиешеси бар адамдар тиешелүү деңгээлде мыйзамдуу түрдө жоопко тартылбаса, биз “самосудга” барабыз”.

Бул иштин чоо-жайын билүү үчүн экинчи унаанын ичинен жабыр тарткан Асел Алиева менен байланыштык. Ал арыз менен жол-кайгуул кызматкерлерине кайрылганын билдирди.

“Биз Раюф бей, анын эки кызматкери жана өнөктөшү Бакыт Ишенбек уулу менен биргеликте Ысык-Көлгө бара жатып ушул окуяга кабылганбыз. Мен бул маселени айтып арызым менен жол-кайгуул кызматкерлерине кайрылганмын, бирок жыйынтык чыга элек”,- дейт А.Алиева.

Биз бул окуяны толугу менен айтып берүүсүн суранганыбызда, экинчи тарап менен келишимге келип жатышканын жана бул боюнча башка эч нерсе айта албастыгын билдирди. Баласы менен маектешкенибизде ал апасы кырсыктан улам инсультка кабылып, азыр төшөктөн турбай дарыланып жатканын айтты.

Эмне себептен бул иш жарым жылдан бери каралбай, сотко өтпөй жаткандагы тууралуу сурап Чүй ОИИББинин кызматкерлерине кайрылган элек:

Бул боюнча кылмыш иши окуя болгон күнү эле козголгон, бирок тиешелүү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары болбогондугуна байланыштуу иш каралбай калган. Бизге Тойота Хайландер унаасынын ичинен жабыр тарткан Асел Алиева аттуу айым кайрылган. Анда ал болжол менен 120-140 ылдамдыкта Ысык-Көл тарапка бара жатып жол кырсыгына кабылганын билдирген. Кырсык болгон жерди кароого алганда, катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа тормозун басканда жолдо сүрүлгөн кара так калмак, бирок ал белги болгон эмес”,- дейт Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Тилек Алиев.

Жол кырсыгына кабылган Абдыкалык майып болуп калышына экс-депутат Урмат Ишенбековдун иниси менен түркиялык ишкерди күнөөлөп жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sofy
2016-04-20 12:41:49
Deputattar jana okmot taza, myizam cheginde iwtewse, kichine bolso da akyikattuu boluwsa! Myizamga ozdoru baw iybese anda emnege myizam chygarywat?! Indira ejebizge kayrylgym kelet, karapaiym eldin ukugun korgoogo koburook basym jasasanyz! Olkobuzdo akyikat dagy da bolso jawaryn dalildep, elge iwenim jaratsanyz!
0
kinsion
2016-04-20 13:50:54
рульду ким башкарган болсо ошол жооп берет а так аман калганына шугур д.к.к коп кааласан аз аласын бул мыйзам
0
cholponka91
2016-04-20 14:26:29
депутаттарга карапайым эл кереги деле жок акчасынан бащкасы коздорун май басып калган
+2
admin_portal
2016-04-20 14:47:45
Ruslan4458, мыйзамга туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан