Популярдуу казак ырчысы Батырхан Шукенов 1962-жылы 18-майда жарыкка келген. Казакстандын Кызыл-Ордо шаарында туулган Шукенов КМШ аймагына “А’ Студио” тобу менен таанылган.
Ал 2000-жылы жеке ырчы болууну көздөп топтон чыккан. “А’Студио” тобунда жүргөндө “Жулия” деген ыры менен элге таанылса, топтон чыккан соң “Сенин кадамың” ("Твои шаги") деген ыры менен популярдуу болгон.