ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте дагы бир дарак кулады

20-майда Бишкектин Бөкөнбаев-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинин жанында дарак кулады, жабыркагандар болгон жок. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен улам жер жумшарып, дарак кулаган. "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасы жарандардан кайрылуу түшкөн соң даракты бир саат ичинде алып кеткен.

Айта кетсек, 27-мартта Бишкектеги Турусбеков жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №2-орто мектебинин алдында чоң дарак жүрүп бараткан унаанын үстүнө кулап, айдоочу каза тапкан.

3-майда борбор калаанын Киев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде дарак кулап, Ауди үлгүсүндөгү унаанын арткы жагына тийип, терезелерин сындырып кеткен.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан