Англиялык басылма: Экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов Лондондогу 50 кабаттуу имараттан батир сатып алды

Британиялык "The Guardian" басылмасы Лондондогу эң бийик имараттардын бири - St.George Wharf мунарасындагы батирлердин ээлерин жарыялады. Маалыматка ылайык, имараттагы батирлердин көбү чет элдик ишкерлерге таандык.

Тизмеде чет элдик 130 ишкер бар. Алардын катарынан "Аю Холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Улуттук Олимпиада комитетинин башчысы Шаршенбек Абдыкеримовдун фамилиясын көрүүгө болот.

Басылманын маалыматына ылайык, андагы батирлерди сатууда баштапкы баа 2 миллион фунттан башталган (1 фунт дээрлик 99 сомго барабар). 73 батир 2 миллион фунттан 5 миллион фунтка чейинки баада сатылган. Эң кымбат батирлер болсо 1 миллион фунт же андан жогорку баада сатылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
sirgak_92
2016-05-25 12:35:32
Biroonun bailygyna koz artpam no 3.000.000 dollar bolot ken aii da.Exxx men kachan alam hotya bishkekten 4 sotyh uchastok
+4
sirgak_92
2016-05-25 12:39:44
Eldin baldary Londondon ui alyp atat men marshrutkada tygylyp koment jazyp baratam....
+13
Er-jurok.
2016-05-25 13:03:00
Элдин балдары Лондон үй алса менин 1 сотых да жерим жок. Зато Кудайга шүгүр деген жүрөгүмдө ыйманым бар.
Эч качан Кудайга нааразы эмесмин чексиз шүкүр кыламын,себеби менин эки көзүм бар деним сак,бардык дене мүчом ордунда. Бул баа жеткис Кудай берген байлыктарым.
+15
Solnywko93
2016-05-25 13:13:52
Иштесен тиштейсин деген ошол да. Эмнеси болсо да кут болсун деп коелу
+7
aiba_00
2016-05-25 13:22:43
Лондон эмес Бишкектен 1 болмолуу квартиралуу болсом кана, акчам квартирага кетпей.
+6
aibars
2016-05-25 13:40:16
Лондон эмес Кыргызстандан оз мекенимен мандай тер менен тапкан 4 болмолуу уйумо журогум жылып суйуно берем. 10 жыл уйу жок жашаган эн жаман экен. Бирок ата энем болгон кучун жумшап окутту анан ушул уйду аларга алып бергем. Аллаха шугур.
+1
bond
2016-05-25 13:54:21
Менин фамилиям да бар эле ошол тизмеде чыгарышпаптыр эч нерсе эмес.
+8
nalukg
2016-05-25 13:58:15
Аю холдинги арак заводу беле адашпасам
+3
rukopashnik
2016-05-25 13:59:39
акчаң болсо Лондон Парижден баатир аласың,
чөнтөгүңдө коко тыйының жок болсо ушундай жаңылыктарды окуп жашаганыңа өкүнүп каласың...
+1
avrilLavigne
2016-05-25 14:01:37
молодец. кызгызстандын атын таанытып журоберин
+2
vip.kg
2016-05-25 14:53:41
Аллахым ошондой уйлордон баарыбызга насип кылсын ооммиииин...
+7
barakcha
2016-05-25 15:08:28
Соонун!
+3
football1
2016-05-25 15:28:39
Кудайым баарыбызга ушундай уй насип кылсын. Иштеген тиштейт, алган болсо кут болсун. Бизнесмен болсо алат да, дагы эле коро албастыгыбыз калбаптыр да туугандар.
+3
Aruwka.89
2016-05-25 16:08:31
Ушундай коро рак мн ооругандарга жардам кылбайбы
-2
B.city
2016-05-25 17:40:53
Londondon emes Ne ishten ui alyp koi ili tuugandarym
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан