ЭЛДИК КАБАР: Лейлек районундагы Голбо айылында 10 жылдыкты тосо турган мектеп бүтүрүүчүлөрү көрүстөнгө барчу жолду оңдошту

Лейлек районуна караштуу Голбо айылында мектепти аяктаганынын 10 жылдыгын тосо тургандар көрүстөнгө барчу жолду оңдоп-түзөп, шагыл төшөп беришти. Бул тууралуу окурман бүгүн, 25-майда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Жолдун жоктугунан эл аябай кыйналчу. Эми баары кубанып отурушат. Жыйнаган акчасын жеп-ичкендин ордуна соопчулукка жумшаганы кубандырат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
finalyear2014
2016-05-25 16:28:34
Жакшы жанылык, ошол акча бир кундо жок болот , Азаматсынар жакшы сооп ишке жумшашыптыр
+8
Akshumkar
2016-05-25 16:32:02
Азаматсынар биз ушундай нерсени колдойбуз, жепутаттарга чуркагандан корок ушундай мекенчил азаматтарга колдоо коргозуп кийин ушундай мекенчилерди шайлашыбыз керек
+8
aikol87
2016-05-25 16:40:48
Азаматсынар.Белинер оорубасын,колунар жорубасын))).Дайыма адал эмгек менен кыргыз элиме кызмат кылып журо бергиле.
+5
fanatka19
2016-05-25 16:43:30
Азаматсыңар,бар болгула жигиттер.чогулуп ичип,пичип чардап тарап кеткенде не пайда.
+2
alas
2016-05-25 16:48:20
Аллах ыразы болсун тугонбос сабап Иш кылыпсынар ар Бир Адам баскансайын сабап жазылсын
+4
AMIRXAN.AYJAN
2016-05-25 17:00:24
Жакшы жанылык го
+2
ice87
2016-05-25 17:05:28
Азаматсынар!
+3
tashi62
2016-05-25 17:14:25
Түзүк ушунтип эле баарыбыз сооп иш жасап жүрө берели!
+3
MuslimNur95
2016-05-25 17:26:35
Азаматтар десе Башкалар улгу алсын эми ушундай иштер жакшы башталып атат 10-жылдык 20 жылдык откоргондун ордуна сооп иштер эн жакшы
+1
Eko
2016-05-25 17:35:56
Аллах раазы болсун кылган иш аракеттеринерден. Мындан кийинда сооп иштерди коп коп жасай бергиле.
+1
Jazi89
2016-05-25 18:15:42
Быйылкы 10 жылдык 20 жылдыктар катту кетишти азаматтар бар болгула откондо 20 жылдыктар уй салып беришти бир жесир аялга ,дагы бир 10 жылдык аялдама салышты азаматсынар
0
Jyrgal_msk
2016-05-26 00:04:47
Jazi89,Былтыр деле коп болду.Элдик кабар жок беле анда же мактанбай эле бутуруп жатыштыбы билбейм.Азаматсынар!
+1
Rakyl12
2016-05-25 18:16:38
Ооба Аллах ыраазы болсун.Ушундайлар кобойсун, коп тукурсо кол болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан