Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда күндүн ысыгында көп кабаттуу үйлөргө суу берилбей, тургундар кыйналышууда. Бул тууралуу окурман бүгүн, 26-майда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Эки күндүн биринде суу чыкпай калат. Абдан кыйналдык, айрыкча көп кабаттуу үйдө жашагандар. Анысы аз келгенсип, кечинде суу беришет. 1-кабатта жашагандар кычашып огороддорун сугарышат. Кой дегенге көнүшпөйт, 4-кабатта жашагандарга суу жетпей калат. Мезгилдин ысык күндөрүндө бизде дайыма ушундай көйгөй жаралат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.