Нарын облусунда Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Нарын райондору катышкан "Дени сак улут - өнүгүп жаткан өлкө" спорттук мелдеши өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына окурман бидирди.
"Дени сак улут - өнүгүп жаткан өлкө" мелдеши Нарын облусунда 23-майда башталган. Ага Нарын облусунун беш району катышып, спорттун көптөгөн түрлөрү боюнча оюндар өткөрүлдү. Алардын ичинен футбол оюну боюнча мелдеште биринчиликти Кочкор району жеңип алды. 2-орунду Ат-Башы району, 3-орунду Ак-Талаа району багындырды", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.