ЭЛДИК КАБАР: 10 жана 20 жылдык мааракелердин ордуна жагымдуу иштерди жасоо күч алууда

Өлкө боюнча 10 жана 20 жылдык мааракелерди өткөрүүнүн ордуна жагымдуу иштер көп жасалууда. Мисалы, айылдардын кире беришине аркалар орнотулуп, мектептер жасалгаланып, колунда жокторго үй салынып жатат. Мындай иштерди SUPER.KG порталына окурмандар WhatsApp аркылуу жөнөтүп жатышат.

"Өзгөн районунун Чаңгет айыл өкмөтүнүн мындан 20 жыл мурун бүткөн бүтүрүүчүлөрү арка куруп, мектепке суу чыгарып беришти", - деп кабарлады окурман.

"Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында мындан 20 жыл мурун мектепти аяктагандар кыргыздын улуттук баш кийими калпакка окшоштуруп кооз арка тургузушту. Элди кубандырып, кийинки жаштарга үлгү боло алышты", - дейт окурман.

Ушул эле айылда дагы бир жагымдуу иш болгону тууралуу кабар түштү.

"Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылындагы мектепти аяктаганына 20 жыл болгон бүтүрүүчүлөр согушка кеткен аталарыбыздын аты-жөнү жазылган эстелик орнотушту. Айыл тургундары абдан кубанып, баталарын беришти", - дейт окурман.

"Талас облусунун Талас районуна караштуу Осмонкулов айыл аймагындагы мектепти 10 жыл мурун бүтүргөндөр соопчулук иштерин аткарып, ун, май жана башка азыктарды таратышты", - деп кабарлады окурман.

"Баткен облусунун Кадамжай районунун Күлдү айылында 1988-жылкы тургундардын мектепти бүтүргөндөрүнө 10 жыл болуптур. Алар Күлдү айылына аялдама куруп беришти", - дейт окурман.

"Ала-Бука районунун Т.Балтагулов орто мектебинин 2006-жылкы бүтүрүүчүлөрү мектептин алдына таш төшөлгө төшөп, жаңы отургучтарды коюп, мектептин алдын жарыктандырып беришти", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
beknur95
2016-05-27 10:28:10
биздин Кадамжай районундагы Исфайрам атындагы мектепкеда ммурдагы 10жылдыктар соонун дарбаза куруп берген арка сыяктуу
+3
nursultan.91
2016-05-27 10:56:59
Биз жактагылар дунгуротуп ресторанда откорушот екен бугун,ушундай иштерди кылышса жакшы болмок
+9
Jonathan88
2016-05-27 10:57:49
Баракелде Мамлекетибиз буюрса ушунтип онугот,үмүт үзбөйлу Мекендештер,ушул жанылыкты окуп,Аллахка шүгүр кылдым,Элимде ыймандуу жаштарыбыздын кобойгонуно
+6
Gema
2016-05-27 11:00:15
Айылда бутуруучулор жакшы биримдуу ,жакшы катышышат,бизде Бишкекте дээги эле андай нерселер жок.
+6
dana1997
2016-05-27 11:17:09
Жакшы ийгиликтер жаралыптыр,акчаны пайдасы жок нерсеге короткондун ордуна ...
+4
Kani1994
2016-05-27 11:29:37
ЖУМГАЛ районунун КЫЗАРТ айылынын АЙЫП ИДИНОВ атындагы 79 жылкылар өзүнүн 2 классташына айылдан үй салып беришиптир!анткени көп жылдан бери квартиралап,үй ала албай жүрүшүптүр!
+5
sagunur2016
2016-05-27 11:48:57
"арка"деген создун маанисин википедиядан ачып,окуп коюуну сунуштайм
-1
ayildik_kiz
2016-05-27 11:50:35
Ушундай жанылыктарды укканда кулак суйунуп калат экен.Азаматсынар!
+3
alas
2016-05-27 12:51:11
Окмотко ишенбей озубуз ушундай собоп иштерди кылып журоберели барибир окмотон толк чыкпайт ушундай сабап иштерди кылгандар кобойсун ылайым
+2
tashi62
2016-05-27 15:28:39
Жакшы жаңылык .Менда ойлонуп калдым эмне кылсак деп.
0
KGstan1981
2016-05-27 17:32:39
Жакшы кабар азаматсынар акчасын асманга сарптаган бутурчулорго улгу болсун.
+1
belka.kg
2016-05-27 18:43:29
Т. Балтагуловтон 2006-жылы буткон классташтарым куттуктайм быйылкы 10 жылдыгынар менен. Азаматсынар аман болгула ар дайым.
+3
admiral
2016-05-27 20:08:16
Бул деген адамдар туура жолду тандап атканынын белгиси. Ушундай жакшы иштер кобойо берсе онугобуз буйруса
+1
altyshka_23
2016-05-27 20:58:10
Эн туура ичип жегенден коро,Бир омур эсте калат,кийингилерге улгу болот
+1
Nasyrkg
2016-05-28 12:47:01
Мен болсо 20жылдыктар менен футбол ойнойм деп бутумду сындырып травматологияда жатам кыйратыптырмынбы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан