Мындан 79 жыл мурун, 1937-жылы Сан-Францискодо дүйнөнүн эң кооз көпүрөлөрүнүн бири Алтын дарбаза ишке кирген. Көпүрөнүн курулушу 1933-жылы 5-январда башталып, 4 жылга созулган. Анын узундугу 2737 метрди, ал эми салмагы 894 500 тоннаны түзгөн.
1937-жылы 27-майда эртең мененки саат 6да Алтын дарбаза көпүрөсү жөө жүрүүчүлөр үчүн ачылган. Алгачкы 12 саат ичинде көпүрөдөн жөө адамдар гана баса алса, эртеси АКШнын ошол убактагы президенти Рузвельттин жарлыгы менен автоунаалар жүрө баштаган.