Нью-Йорк штатындагы Бруклин шаарында жол кырсыгынан улам каза тапкан кыргыз жаранынын сөөгү кыргыз жерине эртең алынып келинет. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда SUPER.KG порталына маркумдун досу Бек мырза билдирди.
"Жол кырсыгынан улам 28-майда каза тапкан мекендешибиз жана досубуз Эржигит Жуматаевдин сөөгүн кыргыз жерине жиберүү үчүн 16 миң доллар (4 миң доллар маркумдун сөөгүн кыргыз жерине жеткирүү үчүн, 2,5 миң доллар Э.Жуматаевдин ата-энесинин билеттеринин баасы, 450-900 доллар каалоочулар тарабынан чогултулган акча каражатты топтогон фонддун комиссиясы, 4,5 миң доллар маркумду жерге берүү зыйнатына жана ата-энесине материалдык жардам катары) керектелген. Бүгүнкү күндө 19 миң доллар каражат чогулду. Эржигиттин сөөгү мекенине эртең жиберилмей болду. Топтолгон акчанын кайсы бир бир бөлүгү Эржигиттин жүргүнчүсү Миргүлгө да берилмекчи. Анын бутуна операция жасалган, дарыгерлердин айтымында, ал ооруканадан чыккандан кийин 2 айдай убакыт үйдө жатышы керек болот", - дейт Бек мырза.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 24-май күнү Бруклин шаарында эки кыргыз жараны жол кырсыгына кабылган. Алар Лютеран ден соолук борборуна жайгаштырылышып, М.М. аттуу жарандын бутуна операция жасалган. Ал айдоочунун абалы оор болчу.