Кечээ, 31-майда Орусиядагы Ички иштер министрлигинде Орусия Федерациясындагы кыргыз элчиси Болот Отунбаев менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адылов Орусия Федерациясынын Ички иштер министринин орун басары Александр Горовой жана Орусиянын Ички иштер министрлигинин Миграция суроолору боюнча башкармалыгынын жетекчиси Ольга Кириллова менен жолугушту. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинен кабарлашты.
"Жолугушууда Орусияга кирүүнүн мыйзамдарын бузуп, бирок аталган аймакта жүргөн кыргыз жарандарын "кара тизмеден" чыгаруунун жол-жоболору талкууланды. Ошондой эле миграция көйгөйлөрүн чечүү боюнча бир нече долбоорлор сунушталды", - деп айтылат маалыматта.