Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн демилгеси менен айылдын кире бериш дарбазасы курулду. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирди.
"Биз айылга белек тартууладык. Айыл аксакалдарынан бата алып, арканын ачылыш аземин өткөрдүк. Келген коноктор ыраазы болуп, жакшы ой-пикирин билдирип кетишти", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.