Орусиянын Санкт-Петербург шаарында курулушта иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын 31 жаштагы жараны имараттан кулап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Санкт-Петербург шаарынын Василеостровский районунда курулушта иштеп жаткан кыргыз өлкөсүнүн 31 жаштагы жараны имараттан кулап көз жумду. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы чакырылып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок оор жаракаттан улам жабыркаган жаран каза болгон.
"Учурда маркумдун сөөгүн мекенине алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары Санкт-Петербург шаарындагы консулдуктун өкүлдөрү маркум иштеген компаниянын жетекчилиги менен үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.