Бүгүн, 3-июнда Бишкектеги Абдрахманов көчөсү менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү жайда токтоп турган жеңил унааны маршруттук такси сүзүп ала жаздады. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына Viber аркылуу кабарлады.
"Коомдук унаанын айдоочусу Саматбек менен жеңил унаанын айдоочусу адепке туура келбеген сөздөрдү айтышып, бири-бири менен уруша кетишти. Жеңил унаанын айдоочусу маршруттук таксинин терезесин сындырып, өрт өчүрүүчү каражатты унаанын терезесинен чачып жиберди. Кооптуу абал жаралып, коомдук унаанын жүргүнчүлөрү коркконунан сыртка чыга качышты. Жеңил унаанын айдоочусу маршруттук таксинин ичине кирип келип, документтерин жулуп кетип калды. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери башталды", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.