SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Балалуу болгондон кийин аялым жубайлык милдетин аткарбай калды" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Эки жаш балалуу болушканда, аялынын күйөөсү менен иши жок болуп калабы? Достор менен отурганда 6 ай мурун уулдуу болгон бир досум айтып калды. "Балалуу болгондон кийин келинчегим жубайлык милдетин аткарбай жатат, 1 ай болуп калды. "Кач, тур ары, көрүп жатасыӊ го, бала мененмин" деп менден качып, жийиркенип жатат" дейт.
"Мен эне, аял болгондуктан, ал келинди түшүнөм. Баласына 6 ай толгон болсо, бала 4 айдан баштап талпынып, жаны тынбай калат. Бала багыш кыйын эле, түнкүсүн ыйлайт, жалаяк которуш керек, ошол себептен келин баласы менен чарчап, күйөөсүнө убактысы жетпей жатса керек. Досуӊузга кеңешим: кичине сабырдуу болуп, аялына түшүнүү менен мамиле жасап, аялынын депрессиясы өткөнчө күтө турсун, анан баары ордуна келет".
"Мирлан досум, Куран китепте жазылган экен, аял киши күйөөсү каалаган убакта жубайлык милдетин аткарышы керек, антпесе бул чоӊ күнөө болот экен. Эркек чыдабай кетип башкага кетип калбаш үчүн аял киши күйөөсүнө көӊүл буруп турушу керек".
"Муну баласы бар келиндер эле түшүнбөсө, көпчүлүк түшүнбөйт. Баласы 6 айлык болуп калса, кыйын эле кез экен. Аял киши күйөөсүнөн жийиркенбейт! Анын себебин санап отурган менен пайда жок. Аялын күнөөлөгөндүн ордуна бала караганга жардам берсин. Ошондо баары жайында болот".
"Чын-чынына келсек, эбин тапса болот. Эгер экөөндө тең каалоо болуп жаткан болсо, баласы 2 айлыкпы же 6 айлыкпы айырмасы жок. Болгону ошол аялы убактылуу күйөөсүн каалабай жаткан чыгар..."
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.