Казакстандын Актөбө шаарында дүкөнгө жана аскердик бөлүккө чабуул жасаган окуядан каза болгондордун саны 18 адамга жетти

Казакстандын Актөбө шаарында дүкөнгө жана аскердик бөлүккө чабуул жасаган окуядан каза болгондордун саны 18 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Казакстандын маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Казакстандын Актөбө шаарында курал сатуучу дүкөнгө жана аскердик бөлүккө кол салган окуядан улам каза болгондордун саны 18 адамга жетти. Окуя боюнча жоопкерчиликти "Казакстандын боштондук армиясы" өзүнө алды. Каза болгондор: 12 террорчу, 3 аскер кызматкери, ал эми калган 3 жаран жөнөкөй тургундар.

Маалыматтарга караганда, шаардын түндүк-батыш аймагынан дагы 2 кол салуучу топтун мүчөлөрү кармалышты. Мындан сырткары өлкөнүн ири шаарларындагы курал сатуучу дүкөндөр жабылды.

Учурда Актөбө аймагында абал туруктуу. Мекеме-ишканалар иштеп, коомдук унаа каттамы жүрүүдө. Бийлик өкүлдөрү кол салган адамдар диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү болушу мүмкүн экендигин айтып, чабуулдан кийин антитеррордук операцияны башташкан.

Эскерте кетсек, 5-июнда Актөбөдө курал сатуучу эки дүкөнгө жана аскердик бөлүккө чабуул бир убакытта жасалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Urmat-1989.
2016-06-06 18:58:15
кыргызды баскан сур булут, калкылдап казакты коздой ээ баратат дечу беле?
+8
Asyl19.09.90
2016-06-06 20:36:43
Urmat-1989.,тооббооо десен тынчтык эле болсун
+4
megaton80
2016-06-07 12:37:47
Тынчтык болсун эч жакта жамандык болбосун!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан