ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектин жолдорундагы жөө адамдар өтүүчү белгилердин бар же жок экендиги билинбейт" дейт окурман (фото)

"Бишкектин жолдорундагы жөө адамдар өтүүчү белгилердин бар же жок экендиги билинбейт", - деп кайрылды окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу.
Жөө адамдар өтүүчү жол белгилеринин өчүп калганына тынчсызданган окурман: "Бишкектеги көпчүлүк жолдордогу жөө адамдар өтүүчү жол сызыгы өчүп калууда. Кээ бир айдоочулар жол жээгиндеги белгини байкабай, ылдам өтүүгө аракет жасашат. Натыйжада кырсыктар көп болууда. Мэрия өчүп калган жол сызыкты кайрадан сырдап койсо болобу?" - деп суроо салды.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
mirlan15
2016-06-08 12:55:49
Туура айтат!
+4
Arslan12
2016-06-08 13:04:18
Тунугураак тартсан болмок!
+1
Inna_91
2016-06-08 13:22:18
Камерасы хырааго тунук эмес.
-1
Almaz-93
2016-06-08 13:27:07
Андан чон маселелер чечилбей жатса, каяктагы эмени айтасында.
0
Rifle_3
2016-06-08 13:50:39
Almaz-93, чоң жолдор да бир кадамдан баштлат
+2
Sobr777
2016-06-08 13:28:45
25 жылдан бери ошондой Бишкектин кочолору
0
saru
2016-06-08 13:41:28
Бул Мэр деле жыргатпай калды.
0
Rifle_3
2016-06-08 13:51:29
Сотаны сен утпасаң болбойт окшойт. супер сотканы ушул окурманга бергиле. Колундагы сотка 1110 окшойт.
+2
sgushenka
2016-06-09 08:10:33
Rifle_3, ха хаа))))) кочо туман болсо керекда)))
0
nursultan93
2016-06-08 13:51:42
албетте СДПКанын сызып койгон сызыгынан чыга албаса.
0
Stervamyn
2016-06-08 19:22:20
Акыркы сүрөт рабочий городок го
0
sgushenka
2016-06-09 08:17:10
Кой айланайын, мындай кризис маалда кайдагыны айтасын, мамлекеттин бюджетин кемитпеш керек!!! Биз кыргыздар ЭРЕЖЕГЕ карабайбыз эреже бизге карайт)))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан