Бүгүн, 8-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Өлкөдө жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу аракетинин Жогорку Кеңеш комитетинен колдоо таппай калышы кызуу талкууга жем таштады. Алгач мурунку муфтий Чубак ажы Жалилов билдирүү жасады. Дин аалымы сөзүн “демократиялык өлкөдө эркин сүйлөө укугумду пайдаландым” деп баштап, каршы добуш берген депутаттар менен мындан ары бир дасторкондо отурбай турганын, кол алышып учурушпасын, алардын жаназасына катышпасын жана өзүнүн жаназасына катыштырбоону табыштай турганын, шайлоолордо аларды шайлабай турганын, жарандарды аларга добуш бербөөгө чакырарын айтты. Ал эле эмес, муфтиятка ислам динине каршы пикир билдирип жаткандардын атайын базасын түзүп, алар каза тапканда жаназа окубоо, мусулмандардын мүрзөсүнөн орун бербөөгө сунуш берди. Мындай чакырыгы менен Чубак ажы Жалилов кыргыз коомчулугун эки лагерге бөлүп койду.
Баш мыйзамда дин башкаруудан сырткары турары так, даана жазылган. Депутаттар үчүн шайлоочулардан добуш топтоо Баш мыйзамдан да өйдө турары сунушталган бул мыйзам долбоорунан улам дагы бир ирет далилденди, анткени динге абдан берилгендердин саны көп. Чубак ажы өзүнүн кайрылуусунда "Булар катыша турган шайлоолордо буларга добуш бербеймин. Мени уга турган бир туугандарыма дагы ушул осуяттарды багыштаймын" деген сөзү менен "шайлоолордо колдобой коёбуз" деп ачык коркутууга барды. Мыйзам чыгаруучулардын, элдин атынан башкаруу үчүн бийликке баргандардын жоон тобу ушундай коркутуунун жетегинде баратышат...
Мыйзам долбоорун “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов сунуштаган. Депутат көпчүлүк мамлекеттик кызматта иштегендер жума намаздан улам ишинен алаксып, иш маалында ордунда болбогону үчүн жетекчилик менен тил табыша албай жатканын айтып, ушул жагдайды мыйзам менен жөнгө салууну көздөгөнүн билдирди. Бул үчүн жума күнкү 1 сааттык түшкү тыныгууну 2 саатка узартууну сунуштап мыйзам жазды. “Каалайбызбы, каалабайбызбы, кызматкерлер жума намазга кетип жатышат. Эмгек кодекси ансыз да бузулууда”, - дейт депутат. Депутат Жанар Акаев бул көрүнүштү мыйзамдык деңгээлге алып чыгууга зарылчылык жоктугун, жетекчи-кызматкер мамилесин өз ара түшүнүшүү жолу менен чечсе болорун айтты. Мыйзам долбоору комитеттен колдоо таппады: 3 депутат колдоп, 6 депутат каршы чыкты.
Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууга дин аралашпайт, адамдардын диний ишеними, жөрөлгөлөр мамлекеттик органдардын ишине тоскоолдук жаратпашы керек. Эмгек кодексине ылайык, кызматкердин түшкү тыныгуусу 1 сааттан ашпоого тийиш. Мыйзамдын талаптары өлкөнүн бардык жарандарына бирдей, диний ишеними мамлекеттик кызматкердин статусуна артыкчылык бербейт. Мыйзам долбоорун колдобогон депутаттар жарандардын намаз окуусуна да, ислам динине да каршы чыгышкан жок эле. Болгону алар намаз окуу өңдүү жеке иштерди Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип отурбай эле чечип алууга болорун айтышты. Ошондой позициясы үчүн жогорудагыдай чакырык-сындардын астында калышты. Бул башталышы гана... Мамлекеттин мыйзамдары иштебей, жакшы корголбой жаткан коомдо башка мыйзамдар басым көрсөтүп башташат. Криминалдык, диний... “Жаназа окубай коёбуз” деп коркуткан диний радикализм депутаттар, министрлер башка маселелер менен алек болуп жүргөн маалда күн санап, саат санап кулачын жаюуда. Бул окуя дин мамлекеттик башкаруудан биротоло четте эместигин, “светтик” делген Кыргыз Республикасында жеке адамдык ишенимдер үчүн мамлекеттик системге тиш кайроого даяр агрессивдүү коом бар экенин көрсөттү.
Кыргыз мамлекетинин авиапаркы дагы бир учак менен толукталды. Боинг 737-800 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу учак бүгүн Түркиянын Стамбул шаарынан “Манас” аэропортуна келип конду. Учакты өлкөбүздөгү авиакомпаниялардын бири 50 миллион долларга сатып алып, ага даңазалуу балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиеванын урматына Бүбүсара деген аталышты ыйгарды. Кире беришине Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби түшүрүлгөн учак кыргыз жерин даңазалап, эл аралык каттамдарды ишке ашырмакчы. Ушул эле компания 2013-жылы Боинг 737-400 үлгүсүндөгү учак сатып алып, ага Айчүрөк деген аталыш ыйгарган. Кыргыздын кыраан айымдарынын ысымдары аба кемелеринде даңкталууда.
Учактардын саны көбөйүп жатканы жакшы көрүнүш, бирок Кыргыз Республикасынын авиакомпаниялары 2006-жылдан бери Евросоюздун “кара тизмесинде” турат. 2015-жылы өлкөнүн 13 авиакомпаниясы аталган тизмеге илинип, “техникалык коопсуздук талаптарына жооп бербейт” деген корутунду менен Европа мамлекеттеринин аба мейкиндигинен учуусуна тыюу салынган. Кыргыз мамлекетинин Жарандык авиация агенттиги мындай чектөөнү "саясий кызыкчылыктардан улам..." деп түшүндүрүп жүрөт.